Ссылки доступа

ICG: 2015-жылы ЕАЭБ ичинде товар алмашуу 26 пайызга төмөндөп кетти


Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) ичиндеги товар алмашуунун көлөмү 2015-жылы 26 пайызга азайып кетти. Бул тууралуу Эл аралык кризистик топтун (ICG) “Евразиялык экономикалык биримдик: Бийлик, саясат жана соода” аттуу баяндамасында айтылат.

Документте белгиленгендей, Орусия жетектеген уюмдун ичинде сооданын төмөндөшү соода жүргүзүү боюнча ички келишпестерге, санкциялардын иштеп жатышына жана жалпы эле аймактагы экономикалык каатчылыкка туш келди. Сынчылар ЕАЭБди “Аймакта Орусиянын үстөмдүгүн жогорулатууга алып келген долбоор” деп атап, уюмдун башка мүчөлөрүнүн Батыш менен болгон мамилесин чектейт деп эсептешет.

Бажы биримдигинин негизинде ЕАЭБди түзүп жатканда Казакстан, Орусия жана Белорустун жетекчиликтери уюмдун максаты өлкөлөрдүн экономикасын чыңдоо, товар, капитал жана жумушчу күчтөрдүн бир рыногун түптөө деп билдиришкен. 2015-жылы биримдикке Кыргызстан менен Армения дагы кошулду.

Баяндамада айтылгандай, өлкөлөр ортосундагы сооданы жана эмгек миграциясынын шарттарын жеңилдетүүгө багытталган экономикалык долбоор деп эсептелген ЕАЭБде тышкы тарифтердин жогорулап кетүүсү жана өлкөлөрдүн экономикалары дүйнөлүк рыноктордон алыстап кетиши мүмкүн деген коркунучтар бар.

ICG’нин пикиринде, негизги кыйынчылыктар Орусия уюмду экономикалык бирикме катары гана эмес, коңшуларына таасир этүү жолдорун жөнгө салуу механизми катары дагы көргөнүнөн келип чыгууда деп эсептейт. Баяндаманын авторлору белгилегендей, мындай мамиле уюмдун ичинде мүчөлөрдүн келишпестигине алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG