Ссылки доступа

Каримовага тийиштүү Takilant компаниясынан 135 миллион доллар конфискацияланды


Амстердам соту 20-июлда Takilant компаниясына таандык активдерден 135 миллион долларды конфискациялоо чечимин чыгарды. Өзбекстан президентинин тун кызы Гүлнара Каримованын жемкорлук ишине байланыштуу ушундай өкүм чыкты.

Амстердам соту билдиргендей, Takilant учурунда Vimpelcom жана скандинавиялык TeliaSonera компаниясынан пара алгандыгы туурасында далил бар. Компания Өзбекстандагы байланыш базарында иштөө үчүн лицензия алуу максатында жең ичинен акча төлөгөн. Мындан тышкары эки сот Takilant 1,7 миллион доллар өлчөмүндө айып пул төлөшү керек деген бүтүм чыгарды. Андан тышкары ага таандык Ucell компаниясынын 6 пайыз акциялары конфисакцияланат.

Прокурорлор Каримованын өзүн эмес ага байланышы бар компанияларды айыптап келген. Ушул жылдын февралында Блумберг агенттиги маалымдагандай, Vimpelcom Ltd. жемкорлукка байланыштуу жаңжалдарды жайгаруу үчүн 795 миллион доллар төлөп берүүгө макул болгон.

АКШ бийлиги голландиялык прокурорлор менен биргеликте Vimpelcom, МТС жана скандинавиялык TeliaSonera компанияларынын Takilant менен түзгөн келишимдерин иликтеген. Буга Стокгольм сотунун жарыялаган материалдары себепкер болгон. Документте Vimpelcom Ltd. Виргин аралдарында жайгашкан Water Trail Industries компаниясы аркылуу 2007 жана 2011-жылдар аралыгында Takilant компаниясына 55 миллион доллар которгону айтылган.

Өзбекстан соту Takilant компаниясынын расмий жетекчиси жана Гулнара Каримованын жардамчысы делген Гаяна Авакянды узак мөөнөткө түрмөгө кескен. Бейрасмий маалыматтар боюнча президенттин тун кызы Өзбекстанда үй камагында.

XS
SM
MD
LG