Ссылки доступа

Ереванда полиция имаратынын жанында кайрадан жүздөгөн адам чогулду


Ереванда барымтага алынган полиция имаратынын алдында кайрадан жүздөгөн адам чогулду. Бул тууралуу "Интерфакс" билдирүүдө.

Акция катышуучулары “Сасун эр жүрөктөрү” деп аталган куралуу топту колдоп, Армения президентинин отставкасын талап кылышууда. Полиция азырынча эч кандай аракет көрө элек. Күбөлөр маалымдагандай, барымтага алынган имарат жактан мылтык үндөрү угулууда. Активисттердин айтымында, мындай жол менен полиция имаратын басып алгандар аларды тосуп алышууда.

Кечээ Армениянын Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында нааразылык акциясына чыккандар менен полициянын кагылышуусунан кийин 136 киши кармалган. Кийинчерээк алардын көбү бошотулуп, полиция бөлүмүндө 28 адам калган. Бул арада 16 активистке массалык башаламандыкка катышты деген айып менен кылмыш иши козголду.

Шаршемби күнү кечинде "Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык уюмдун жактоочулары колуна курал алып, Еревандагы полиция имаратына чабуул койгон. Ок атышуудан полициянын полковниги набыт болуп, бир нече полиция кызматкери барымтага алынган.

XS
SM
MD
LG