Ссылки доступа

Тажикстанда "түнкү көпөлөктөрдү" кайра тарбиялоого аракет көрүшүүдө


Тажикстандын Хатлон облусунун жергиликтүү бийлиги аймактагы жүрүм-туруму “жеңил-желпи” аялдардын тизмесин түзүүнү чечти. Бул жол менен аткаминерлер мындай айымдарга татыктуу жумуш орундарын таап берип, аларды сойкулуктан коргоп калууну көздөй турганын билдиришүүдө.

Демилге ИИМдин Хатлон облусу боюнча башкармалыгына жана Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Үй-бүлө жана аялдар комитетине таандык. Жергиликтүү милиция кабарлагандай, ушул күнгө чейин 571 аял сойку катары тизмеге киргизилди. Алар мейманкана жана түнкү клубдарда арам иш менен алектенип жаткан учурда кармалышкан. Эми “түнкү көпөлөктөрдүн” манжаларынын изи алынып, сүрөттөрү жана башка маалыматтары менен бирге сакталат.

Тизме түзүү демилгеси өз жыйынтыгын берет деп үмүттөнүшүүдө. Облустук администрация өкүлдөрү жана милиция тарбия нугунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды жаман жолдон кайтаруу аракетин көрүшөт. Андан соң мындай аялдарга окуу курстарынан өтүү сунушталып, ар кыл тармактарда жумуш берилет.

Бирок жарандык активисттер бул маселе бир гана жумушсуздуктан чыккан жок деп эсептешет. Алардын айтымында, бир нече жыл мурун бул кесипти аркалагандарга тикмечиликти үйрөтүшүп, иш беришкен. Бирок аларга 100 же 150 сомони айлык жетпейт, көбүрөөк маянага муктаж. Ошондуктан көнгөн жумуштарына кетип калышкан дешүүдө.

Тажикстан парламенти 15-октябрда Административдик кодекске өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, сойкулук үчүн жаза күчөтүлүп, айып пул эки эсеге жогорулаган.

XS
SM
MD
LG