Ссылки доступа

Казакстанда прокурорлорду гумандуу болууга чакырышууда


Казакстандын башкы прокурору Жакип Асанов прокуратура кызматкерлерин айыпталуучулардын акталып чыгышынан коркпоого чакырды. Астанада өткөн прокуратуранын коллегиясында Асанов айыпталуучуларды актоо өкүмдөрүн «кадыресе көрүнүш» деп атады. Бул тууралуу «Новости-Казахстан» агенттиги билдирүүдө.

«Биз адамдын иши сотто каралып жаткандан кийин ал сөзсүз айыпталышы керек деген түшүнүк менен иштейбиз. Бул көрүнүш прокуратуранын укук коргоо милдетин жокко чыгарып салып, элдин көз карашында жазалоочу орган болуп калды. Маалымат каражаттарында терс пикирлер айтылганы ушундан», - деди Жакип Асанов.

Ал кошумчалагандай, прокурорлор көп учурда адамдын айыпталышын максат кылат. Анткени, адамды камакка алышын жактап, ишти сотко жеткирген жетекчилик аларга басым жасайт.

Жогорку соттун статистикасына ылайык, 2014-жылы 478 адам акталып чыккан (1,8 пайыз). 2015-жылы актоо өкүмдөрүнүн үлүшү 2,2 пайызды түздү.

XS
SM
MD
LG