Ссылки доступа

Украина Кара деңиз жээгинде газ казгандыгы үчүн Орусияны сотко берет


Украинанын убактылуу басып алынган аймактары жана ички миграция  маселелери боюнча  министри Вадим Черныш Украина Орусияны Кара деңиз жээгиндеги иштери үчүн сотко берерин жарыялады.

Арыздардын бири аннексияланган Крымдын жанындагы деңиз жээгинде жаратылыш газын казуу менен алектенүү ишине байланыштуу. Экинчиси, Кара деңиздин ошол эле аймагындагы биоресурстарды пайдаланууга тиешелүү. Соттук доо арыздар Украина БУУнун Деңиз укугу боюнча конвенциясына таянат.

" Ушул күнгө чейин Украинага таандык деңиз аймагында жаратылыш газы казылууда. Газ басып алынган жарым аралга жеткирилүүдө. Украина Конституциясына ылайык, Орусия Укранага таандык мүлктү пайдаланып жатат", - деди Черныш.

Кен казуу иштерин "Черноморнефтегаз" компаниясы жүргүзүүдө. Ал мурун "Нафтогаз Украины" улуттук акционердик компаниясынын курамында болчу. Крым аннексиялангандан кийин ишкана кайра каттоодон өтүп, Орусиянын пайдасы үчүн иштеп баштаган. 2014-жылы премьер-министр болуп турган Арсений Яценюк украин бийлиги бул ишкана боюнча Стокгольмдогу Эл аралык сотко кайрыла турганын билдирген.

Буга чейин Украина ТИМ башчысы Павел Климкин Крым жана Донбасска байланыштуу өлкөгө келтирилген зыян үчүн конпенсация 50 миллиард доллардан ашарын айткан.

XS
SM
MD
LG