Тергөөнүн версиясы боюнча 5-июндагы куралдуу кол салуудан кийин шектүү делген жоочулар – Дмитрий Танатаров, Арман Айтуган жана Нурлан Сеиловдин жашынуусуна алардын таанышы жардам берген. Мирлан Ердауов 7-июль күнү алар үчүн батир ижарага алган. Терактка шектүүлөр бир күн ошол жерде болушкан.
Кылмышты жашырууга айыпталган жаран ири суммадагы айып пул төлөөдөн тарта алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Актөбөдө 5-июлда куралчан топ эки курал саткан дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө кол салган. Натыйжада жети адам набыт болгон. Алардын төртөө аскер кызматкери, үчөө жай тургун болчу. Атайын операция маалында шектүү делген 18 жоочу тындым кылынып, тогузу кармалган. Бийлик теракт үчүн радикалдуу диний топторду айыптап келет.