Ссылки доступа

Өзбекстанда ИМ тобуна кошулууга аракеттенген 7 киши соттолду


Наманган соту экстремисттердин катарында согуштук аракеттерге катышуу үчүн Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылган жети жаранды 5 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратты.

Мамаюсуф Махмудовдун жетекчилиги астындагы топтун мүчөлөрүнө акча табуу үчүн Орусияда жүргөндө «Одноклассники» социалдык түйүнү аркылуу “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен байланышып, жоочулардын катарына кошулууну көззөшкөн деген айып тагылган.

Наманган облусунун укук коргоо органдарындагы булактын айтымында, Мамаюсуф Махмудов 9 жылга эркинен ажыратылды. Топтун башка мүчөлөрү 5 жылдан 8 жылга чейин түрмөгө кесилишти.

Алар Өзбекстанга кайтып келишип, Сирияга чыгып кетер алдында кармалышкан. Тергөөнүн маалыматы боюнча коопсуздук органдары топтун «Одноклассники» түйүнүндөгү каттарына дайыма байкоо салып, издерине түшүшкөн.

«Интерфакс» агенттиги Наманган прокуратурасындагы өз булагына таянып, колго түшкөн топтун мүчөлөрү өздөрүн “жихадчылар” деп атаганын кабарлады. Туруктуу жыйындар учурунда алар экстремисттик идеаларды талкуулап, радикалдардын жихад жасоого үндөгөн насааттарын угуп турушкан.

XS
SM
MD
LG