Ссылки доступа

Ереванда куралдуу топ полициянын автоунаасын өрттөп жиберди


Ереванда полиция имаратын барымтага алгандар тарип сакылардын автоунаасын өрттөп жиберишти. Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан – өзүн республика деп атап алган Тоолуу Карабактын парламентинин депутаты, отставкадагы генерал Виталий Баласанян билдирди. Анын айтымында, буга карбай сүйлөшүүлөр уланууда.

«Интерфакс» кабарлагандай, өздөрүн “Сасна црер” деп атап алган куралдуу барымтачылар тобуна кирген “Негиздөөчү парламенттин” мүчөлөрү Баласаняндын ортомчулугунан баш тартышты. Оппозициячылар 1990-жылдардагы Карабак согушунда Сисиан полкун жетектеген мурдагы командир – Ашот Минасян алардын кызыкчылыгын коргой тургандыгын билдиришти.

Барымтага алынган полиция имаратынын жанында 24-июль күнү кечинде “Сасна црерди” колдогон митинг өттү.

Жекшембиде Armenpress агенттигинде жарыяланган Баласаняндын билдирүүсүндө ал куралдуу оппозициячыларды багынууга чакырган. Эгер буга көнүшсө, “Негиздөөчү парламенттин” координатору Жирайр Сефилян менен Армения президенти Серж Саргсян жолугушууга даяр экени жарыяланган. Куралдуу топтун тарапкерлери өлкө башчынын отставкасын талап кылып, жаңы өкмөт түзүүнү сурашкан. Сефилян мыйзамсыз курал сактаган деген айып менен камалган.

17-июль күнү "Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык уюмдун жактоочулары колуна курал алып, Еревандагы полиция имаратына чабуул койгон. Ок атышуудан полициянын полковниги набыт болуп, төрт тартип сакчы жаракат алган. Барымтага алынган жети полициячы ишембиде коё берилген.

XS
SM
MD
LG