Ссылки доступа

Сириядагы төрт талаа ооруканасына сокку урулду


Сириянын Алеппо шаарындагы талаа ооруканаларына жасалган аба чабуулдардан жыйырмадай адам мерт кетип, онго жакыны жарадар болду. Бул тууралуу Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөгөн уюмга шилтеме жасап, "Рейтерс" агенттиги жазды.

Соккулар Алеппонун козголоңчулар кармап турган бөлүгүндөгү төрт талаа госпиталына жана өкмөттүк күчтөрдүн карамагындагы бир кан куюучу борборго урулган.

Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөгөн уюмдун маалымдашынча, чабуулду президент Башар Асадга караштуу күчтөр жана орусиялык авиация жасаган.

Өлкөдөгү экинчи чоң шаар деп эсептелген Алепподо өкмөттүк армия менен оппозициялык күчтөрдүн ортосунда бир нече айдан бери айыгышкан салгылашуулар жүрүп келет. Өткөн жумада Асадга караштуу күчтөр Алеппого кирген жалгыз жолду тороп салышкан. Мындан улам шаардагы жүз миңдеген адам азык-түлүксүз жана медициналык каражаттарсыз калышкан.

Июнь айында Пентагондун өкүлдөрү Орусия жүргүзүп жаткан аба соккуларын сынга алып, операциялар Москва алган милдеттенмелерге каршы келип жатканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG