Ссылки доступа

Тажикстанда тыюу салынган партия лидерин Интерпол издөөдө


Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Интерполдун тизмесине киргизилгенин билдирди.

Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында Рахимзода кабарлагандай, Тажикстан бийлиги эл аралык полицияга мүчө өлкөлөрдүн бардыгы менен Мухиддин Кабирини экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

ИИМ башчысы диний партиянын лидерине кандай айып тагылып жатканын так айткан жок. Бирок өлкөнүн укук коргоо органдары Кабирини кайтаруу боюнча Интерполго мүчө өлкөлөр менен кызматташып жатканын баса белгиледи.

«Жалпысынан Тажикстандын 342 жараны Интерполдун издөөсүнө алынган. Алардын ичинен 275и экстремисттик жана террордук уюмдардын мүчөсү болуп саналат», - деп кошумчалады министр. Бирок Интерполдун сайтында Тажикстандын 160 атуулу гана издөөгө алынганды жөнүндө кабар бар, алардын арасында Мухиддин Кабири аттуу ысым жок.

Тажикстан бийлиги 2015-жылдын сентябрындагы козголоңдо тыюу салынган диний партияны мамлекеттик төңкөрүш аракетин каржылаган деп айыптап, жоопкерчиликти жүктөгөн. Тажикстан кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрү быйыл июнда соттолгон. Кабринин эки орун басары өмүр бою эркинен ажыратылып, калгандары 2 жылдан 23 жылга чейин түрмөгө кесилишкен. Уюмдун мүчөлөрү Мухиддин Кабири сыяктуу эле тагылган айыптарды четке кагып келишет. Кабири 2015-жылы жазында парламенттик шайлоо өткөндөн кийин дароо өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG