Бул тууралуу Reuters агенттиги ислам сайттарына байкоо салган SITE эл аралык изилдөө тобунун маалыматына таянып билдирди. Интернет аркылуу Завахири дал ушундай мүнөздөгү видео кайрылуу жолдогон.
Тасманын нак экендигин Reuters бекемдей албайт.
Агенттик "Аль-Каида" лидери талиптердин таяныч пункту жана базалары жайгашкан ооган-пакистан чек арасында жашынып жүргөнүн божомолдоодо.