Ссылки доступа

Ереванда полиция имаратын барымтага алгандардын шериктери кармалды


Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы оппозициялык “Негиздөөчү парламент” мүчөлөрүнүн шериктери кармалганын билдирди.

Канча адам колго түшкөндүгүн мекеме так айткан жок. Бирок азыркы тапта УКК кол салгандарын башка тарапташтарына көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.

17-июль күнү кечинде "Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык уюмдун жактоочулары колуна курал алып, Еревандагы полиция имаратына чабуул койгон. Ок атышуудан полициянын полковниги набыт болуп, төртөө жаракат алган.

Кол салуучулар эки айдан бери мамлекеттик төңкөрүшкө аракет жасаган деген айып менен камакта жаткан Жирайр Сефиляндын боштондугун талап кылышууда. Армения бийлиги активисттердин суроосун канааттандыруу мүмкүн эместигин билдирет. Барымтага алынган полиция имаратынын жанында согуштук аракеттерге дайын атайын бөлүк турат.

Буга чейин бармытага алынгандар толугу менен бошотулган.

XS
SM
MD
LG