Ссылки доступа

Путин Риодогу Олимпиаданын ачылышына барбайт


Орусия президенти Владимир Путин Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышпайт. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирип, мындай чечимди “иш графиги” менен түшүндүрдү.

Песков мындан тышкары Кремль орусиялык спорт чиновниктерин, анын ичинде спорт министри Виталий Муткону Бразилиядагы оюндарга каттоодон баш тарткан Эл аралык Олимпиадалык комиттетин чечимине “өкүнгөнүн” кошумчалады.

Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндар 5-21-август аралыгында өтөт. Жекшембиде Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасын мелдештен четтетпөө чечимин чыгарган. Бирок бир канча шарт койгон. Эң башкысы - ар бир спортчу өз спортунун түрүнөн эл аралык федерациясынын макулдугун алышы зарыл. Документте белгиленгендей, анализдеринен кызытма табылган спортчулар сөз жок оюнга катышпайт.

Мурдараак эл аралык таймаштардан орусиялык жеңил атлетчилер четтетилген. Бул арада суучулдар, синхрончулар, теннисчилер Олимпиадага барат. Мындай чечимди спорттун ушул түрлөрү боюнча эл аралык федерациялар кабыл алышты.

18-июлда Эл аралык допингге каршы агенттик баяндамасын жарыялаган. Анда орусиялык допингге каршы агенттиктер өз спортчуларынын анализдерин алмаштырып келгени жана буга Орусиянын ФСБсынын да катыштыгы бар экени жазылган.

XS
SM
MD
LG