Ссылки доступа

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кыргызстандагы түрк мектептерине байланышкан билдирүүсү боюнча Тышкы иштер министрлиги өз жообун таратты. Билдирүүдө Кыргызстан Түркиянын расмий жетекчилеринин тынчсыздануусуна түшүнүү менен мамиле кылары айтылат.

“Түркия - Кыргызстан үчүн тарыхый тыгыз байланышы бар, бир тууган өлкө. Бирок Кыргызстан көз карандысыз, эгемен өлкө катары эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечүүгө кудурети жетет. Кайсы бир чет мамлекеттин тышкы иштер министри башка бир өлкөгө кандайдыр бир чара көрүү зарылчылыгын ультиматум тилинде көрсөтүүсү туура эмес” деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги Түркия тараптан Кыргызстандагы менчик түрк мектептери тууралуу кайрылуусун алганын, бирок кыргыз тарап аны кунт коюп иликтеп, зарылчылык болсо, тиешелүү чараларды көрөрүн маалымдаган.

“Тараптардын милдети жана башка маселелер боюнча белгилүү бир укуктук нормалар бар. Бирок мунун баарын мамлекеттин ички иши деп эсептейт" деген Тышкы иштер министрлиги.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 24-июлда башка өлкөлөрдөй болуп Кыргызстан да түрк бийлигин колдоп “гүленчилерге” мамилесин өзгөртпөсө, эки өлкөнүн алака-катышына терс таасири тиет деп эскерткен болчу. Ал бул пикирин “Хабертүрк” каналындагы маегинде да кайталап, Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин кыймылынын таасири күчөп баратканын билдирген. Чавушлоглу бул кыймылдын коркунучу тууралуу Кыргызстанга эскерткенин ачыкка чыгарган:

- Айрым өлкөлөрдү эскертип жатабыз. Мисалы, Кыргызстандын тышкы иштер министрине телефон чалып эскерттик. Себеби, алар (гүленчилер) Орто Азиядан Кыргызстанды бир база катары тандап алышкан. Ошондой эле күн өткөн сайын желелеп тарап баратат. Кыргызстандын бийлигине да кирип жатышат жана аларга каршы төңкөрүш аракетин жасашы мүмкүн. Бизге дос жана бир тууган Кыргызстан өлкөсү аскердик төңкөрүш кылууга аракет кылган террористтик уюмдун ишмердик жүргүзүшүнө уруксат бербеши керек деп ойлойм, - деди Чавушоглу.

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Гүленге тиешеси бар экени айтылат. Аталган мекемеге таандык Кыргызстанда 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

XS
SM
MD
LG