Ссылки доступа

Казакстанда жол куруучулар үч айдан бери маяна алыша элек


Борбор – Чыгыш автомагистралынын курулушунда иштеген жумушчулар айлык акы төлөп берүүнү талап кылышууда. Алардын айтымында, 450 адам үч айдан бери маяна ала элек.

Орусия менен чектешкен 25 чакырым узундуктагы Кызылордо – Павлодар – Успенка тилкесиндеги трассаны реконструкциялоо токтоп турат. Жумушчулардын көбү тарап кеткен, айрымдары айлыктарын күтүп вагондордо жашоодо.

- Баары үй-бүлөлүү, насыялары бар, балдарды мектепке даярдаш керек. Павлодардагы курулуш маалы кыска, бир айдан бери токтоп турабыз. Айлык албай, жумуш да башталбай турат,- деди “Азаттыктын” казак кызматына механик Николай Лаптев.

Бул тилкедеги жол «НК КазАвтожол» компаниясынын тапшырмасы менен «Автодорсервис» фирмасы тарабынан салынууда. Жумушчулардын айтымында, алардын жетекчиликтери учурда өз ара соттошууда.

«Автодорсервис» компаниясынын өкүлү Талгат Толебаев «НК КазАвтожол» толугу менен каражатты төлөп бергенин, ушул жумада маяна берүү маселеси чечилерин билдирди.

XS
SM
MD
LG