Ссылки доступа

Күн батареясы менен иштеген учак жер шарын айланып чыкты


Күн батареясы менен иштеген учак жер шарын айланып чыкты. Ал бир жыл мурун Абу-Дабиден жол тартып, 26-июлда кайтып келди. Учак 25 миң миль (40 миң чакырымдан ашык) аралыктагы саякат жасады.

Швейцарияда долбоору чийилген Solar Impulse-2 учагы саякат учурунда 16 сапар аялдама жасап, саатына 50 миль ылдамдыкта учуп жүргөн. Бул аралыкта ал бир дагы тамчы күйүүчү май короткон эмес

Учак 17 248 күн батареясы менен камсыздалган. Алар аба кемесинин моноканаттарына бекитилген кыймылдаткычка энергия берип турушкан. Түнкүсүн учак полимердик батареялардын жардамы менен иштеген. Анын салмагы минивэндикине барабар, бирок учактын Boeing 747никиндей ири канаты бар.

Solar Impulse-2нин саякаты айрым көйгөйлөр менен коштолду. Анын батареялары Жапониядан Гавайга учуу маалында бузулуп калган. Учактын ремонту тогуз айга созулду. Атлантикалык океанды аба кемеси 70 саатта учуп өткөн.

Долбоорго Абу-Дабидеги экологиялык таза технологияларга багытталган өкмөттүк компания башкы демөөрчүлүк кылды. Саякат үчүн жалпысынан 100 миллион доллар жумшалды.

XS
SM
MD
LG