Ссылки доступа

Тажикстанда жер мафиясына аралашкан чиновниктер мунапыска илинди


Худжантта мыйзамсыз жер тилкелерин сатып, пара алган жогорку кызматтагы аткаминерлер жана ортомчулар мунапыска илинди. Тергөө органдарынын мындай чечими жабырлануучулардын нааразычылыгын жаратты. Алар ишти кайра карап чыгууну талап кылышууда.

Жер тилкелерин сатып шугулдангандар 33 адамды алдап кеткен. Алардын ичинен 11и жогорку кызматтагы чиновниктердин ишин кайра кароону сурашууда.

Худжанттын мурдагы вице-мэрине, Жер пайдалануу комитетинин төрагасына карата козголгон кылмыш иши 2014-жылдагы “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде токтотулду.

Документтерди бурмалап, жасалма мөөр басып, кол коюу аркылуу жарандарды алдап кеткен чиновниктердин ишин тыкыр иликтеп, жоопкерчиликке тарттыруу үчүн жактоочулар Башкы прокуратурага, Тажикстан президентине кайрылууга ниеттенүүдө.

Жер маселесине байланыштуу кыңыр иштин бети ушул жылы ачылган. Муин Мансуров аттту ортомчу 29-январда жабырлануучулардын биринен 2 миң доллар пара алып жаткан жерден кармалган.

XS
SM
MD
LG