Ссылки доступа

Астанада "экстремизм пропагандасы үчүн" 94 сайт жабылды


Казакстанда соттун чечими менен “терроризм жана экстремизмди пропагандалоого” катышы бар делген 94 сайт жабылды. Бул тууралуу Астана прокуратурасы маалымдады.

2016-жылдан бери Астананын райондук сотуна жыйырмадай доо арыз түшкөн. Анда айрым чет өлкөлүк сайттарда жайгаштырылган материалдарды мыйзамсыз деп табуу жана аларды өлкө аймагына жайылтууга тыюу салуу өтүнүчү келтирилген.

«Терроризм, экстремизм жана сепаратизмди үгүттөп, улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан 94 сайт жабылды», — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Доо арыздар Маалымат жана байланыш министрлигинин профилдик комитети тарабынан сотко тапшырылган. Өтүнүч канааттандырылып, чечим мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди.

XS
SM
MD
LG