Ссылки доступа

Немцовдун өлүмүнө байланыштуу ишти сот кеңешчилери карайт


Москва аймактык соту Орусиянын оппозициялык саясатчысы Борис Немцовдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча сот кеңешчилерин тандоону 24-августка белгиледи. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги билдирет. Ишти сот кеңешчилери карасын деген өтүнүчтү жактоочулар келтирген.

Немцовдун өлүмүнө байланыштуу ишти алдын ала угуу 25-июлда башталып, шейшембиге жылдырылган. Жараян болордо соттун имаратынын алдында саясатчыны өлтүрүүгө буйрук бергендерди табуу жана Чеченстан башчысы Рамзан Кадыровду суракка алуу талабы менен пикет өткөн.

Немцовду өлтүрүүгө беш киши - Ички аскерлердин мурдагы офицери Заур Дадаев жана чеченстандык төрт жаран айыпталууда. Дүйшөмбүдө сот алардын камак мөөнөтүн узартуу боюнча өтүнүч келтирди. Борис Немцов 2015-жылы 28-февралга караган түнү Кремлден алыс эмес жерде атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG