Ссылки доступа

Орусия Бажы кызматынын башчысынын үйүн тинтүүдө 66 миллион рубль табылды


Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Орусиянын Федералдык Бажы кызматынын жетекчилеринин иш бөлмөсүндө жана үйлөрүндө 26-июлда тинтүү жүргүздү. Орус маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельяниновдун кеңсеси, үйү да текшерүүдөн өткөн.

Натыйжада андан 66 миллион рубль табылган. Бельянинов бул үй-бүлө топтогон каражат экенин айтты. Бул тууралуу РЕН ТВ өз булактарына таянуу менен билдирди.

Тинтүү спирт контрабандасына байланыштуу экени кабарланууда. Андрей Бельянинов кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазганы да айтылууда. Бирок ал расмий тастыктала элек. Бельянинов Кыргызстанда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы катары кеңири таанымал.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы ушуну менен июль айынын ичинде экинчи ирет коррупцияга каршы ири кылмыш иштерин ачты. 19-июлда кылмыш дүйнөсүнүн аталыктарынан ири өлчөмдө пара алган деген шек менен Тергөө комитетинин жогорку даражалуу кызматкерлерин камакка алган эле.

XS
SM
MD
LG