Ссылки доступа

Хиллари Клинтон АКШ президенттигине расмий талапкер болду


Ал Американын тарыхындагы алгачкы аял-президент болушу ыктымал. Мурдагы биринчи айым, сенатор жана мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Демократиялык партия тарабынан АКШ президенттигине талапкер болуп расмий бекитилди. Муну менен ал Америка башчысынын ордуна талапкерлиги ири партиядан көрсөтүлгөн алгачкы аял болуп калды.

Клинтон курултай делегаттарынын 2821 добушун алууга жетишкен, тиешелүү босого 2383 добуш болчу.

Мурдараак аны праймериз боюнча негизги атаандашы Берни Сандерс колдоп чыккан. "Хиллари Клинтон АКШнын кийинки президенти болууга тийиш. Ага тең келүүчү атаандаш жок", - деди ал.

Соңку коомдук пикирди иликтөө көрсөткөндөй, сурамжылоого катышкандардын 55 пайызы Хиллари Клинтонго терс мамиледе. Бул Дональд Трамптын рейтингине салыштырмалуу болгону 5 пайыз төмөн дегенди билдирет. Бул арада Мишель менен Барак Обамалар, Билл Клинтон, Берни Сандерс Демократиялык партиянын съездинде сөз сүйлөп, Хлинтон боюнча жакшы таасир калтырууну максат кылышууда.

АКШ президентин шайлоо 8-ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG