Ссылки доступа

Наманганда мыйзамсыз Куран сабагын өткөндөр кармалды


Улуттук коопсуздук кызматы менен милиция кызматкерлери биргеликте атайын операция өткөрүп, натыйжада өз үйлөрүндө мыйзамсыз балдарга куран боюнча сабак берген эки окутуучу кармалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” укук коргоо органдарындагы жана Наманган диний башкармалыгындагы өз булактары маалымдады.

Мугалимдердин бирине айып пул салынды, экинчисине карата кылмыш иши козголду. Атайын кызматтын жана милициянын кызматкерлери 17-июлда Намангандагы Акмал Ахмаджановдун үйүнө кирип барышкан. Рейд учурунда 23 жаштагы Акмал Ахмаджанов жана андан Куран боюнча сабак алган үч бала кармалган. Мындан тышкары үйдөн дагы 20 окуучунун тизмеси табылган.

Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жана тартип сакчылары “Эшон дада” аты менен белгилүү диний ишмердин үйүн дагы тинтүүгө алышкан. Текшерүү маалында 30 окуучу болгон, алардын эң кенжеси 6 жашта.

– Окутуучу түнүчүндө кармалган. Бирок анын улгайган жашы эске алынып, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бөлүмгө анын небересин алып кетишкен. Ал эртеси айып пул төлөгөн соң бошотулган. 87-жаштагы Муксин Хасанов үйүндө 30 окуучуга сабак бергени менен тизмеге 24ү гана киргизилген. Себеби айрымдары жогорку кызматтагы аткаминерлердин балдары болгон. Алардын ысымдары тизмеде жазылган эмес, – дейт өз булак.

XS
SM
MD
LG