Министрдин айтымында, Кыргызстан быйыл Тажикстандан 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сураган. “Бирок биздин түндүк аймактарыбыз дагы ири көлөмдөгү электр энергиясына муктаж. Бул райондордо ишканалардын көпчүлүгү күнү-түнү чоң кубаттуулукта иштейт”,-деди ал.
Кыргызстан тажик электр энергиясы үчүн киловаттына 2,5 цент сунуштаган. Казакстандан ушундай эле баада сатып алууда. Кыргызстанга былтыр 200 миллион киловатт-саат электр энергиясы берилген.
Тажикстанда быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу электр энергиясын чет өлкөлөргө экспорттоо өстү. Маселен, Ооганстанга 638 миллион киловатт-саат электр энергиясы жөнөтүлгөн.
Бул арада 2015-жылы суу көп болгону менен 4 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү колдон чыгып кеткен. Азыр дагы суу сактагычтарда, өзгөчө Нурек ГЭСинде суу бош кое берилип жатканын баса белгиледи министр.