Ссылки доступа

Акмолодо террорчулукка шектелген төрт киши изделүүдө


Акмоло облусунда террордук кылмыштарды жасаган деген шек менен төрт киши издөөгө алынды. Мындай билдирүүнү облустун прокуратурасы таркатты. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери терроризм жана экстремизм менен байланыштуу сотко чейинки беш иликтөө иши башталган.

Акмоло облусунун прокуратурасы “терроризм казак коомчулугунун күнүмдүк турмушуна киргенин” жана бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын белгилейт.

Прокуратуранын билдирүүсү Актөбөдөгү куралдуу кол салуудан кийин жарыяланган террордук коркунучтун “сары” деңгээли өкүм сүрүп турган маалда жарыяланды. Кандуу окуядан төрт жай турган жана үч аскер кызматкери курман болгону белгилүү.

Прокуратура облустун атуулдарын күч түзүмдөрүнө террорчулук менен күрөшүүдө жардам берүүгө үндөдү. Коомдук жайларда күмөндүү буюмдар көзгө чалдыкса жана террордук акт жасоого ниеттенген кишилерди байкашса кабар берүүгө чакырышты.

XS
SM
MD
LG