Демек, мындан ары даяр товар, анын ичинен азык-түлүк жана өндүрүш өнүмдөрүн импорттогон ишкерлер чет өлкөлүк өнөктөштөрүнө каражат төлөп бере албай калышат. Мындай чектөөлөр былтыр октябрда киргизилген, бирок буга чейин ал азык-түлүктөргө жана өндүрүш товарларына тиешелүү болгон эмес.
Өкмөттөн билдиришкендей, жергиликтүү ишкерлердин чет өлкөдө АКШ доллары менен кармаган акчалары аз өлчөмдө. Бизнес өкүлдөрү бул чара убактылуу деп үмүтөнүшүүдө, болбосо “өлкө Москвадан азык-түлүк товарларын баштык менен ташыган челнок дооруна кайтып келерин ” айтышууда.
Эл аралык фалюта фондунун маалыматына ылайык, Түркмөнстан сырткы экономикалык каатчылыктардан олуттуу жапа чекти. Буга байланыштуу өлкө манатын нарксыздандырып, инвестиция жана субсидия үчүн чыгашаларды кыскартты. Бул арада салыктын айрым түрлөрүн жогорулатып, банктык көзөмөлдү күчөттү.