Ссылки доступа

УКМКнын расмий сайтына хакердик чабуул жасалды


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин расмий сайтына хакердик чабуул жасалды. Учурда www.gknb.gov.kg сайты ачылбайт.

УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов маселенин чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлады.

Алгач башкы бетте “Kurdish haker»( Күрт хакери) “ПКК (Күрт жикчил партиясы) аягына чыкпаган роман" деп жазуу жазылган. Ошондой эле күрт жикчилдеринин бийлеп жаткан видеосу тиркелген.

Азырынча хакердик чабуулду кимдер жасаганы расмий тастыктала элек.

XS
SM
MD
LG