Укук коргоо органдарындагы булактын маалыматына караганда, аял эки сапар турмушка чыккан.
–“Жеңил ойлуу” айымдардын катарына кирет. Түгөйү менен ажырашып, кийин андан алимент өндүрүп алуу үчүн сотко кайрылган, бирок ымалашы бала андан эмес экендигин айткан. Акча өндүрө албаган соң аял ачууланып, чүрпөсү менен сууга боюн таштоону чечкен. Алгач баласын ыргытып, бирок өзүн өлүмгө кыюуга батынган эмес, – деди ал.
Баланын сөөгү фермердин талаасына агып келген, ал милицияга кайрылган.
Бирок башка бир булактын айтымында, аял "түнкү көпөлөктөрдүн" катарына кирчү эмес. Жашоо-шарттын начардыгынан оор психологиялык стресске кабылган .
Учурда баласын өлтүрүүгө айыпталган аял кармалды. Ага карата “Атайлап адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.