Ссылки доступа

Тажикстанда окуучулардын уулануусу боюнча кылмыш иши козголду


Шамсиддин Шохин районунун прокуратурасы мектептеги балдардын уулануусу боюнча директор жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлүнө карата кылмыш ишин козгоду.

Район прокурорунун айтымында, кылмыш иши окуучулардын жапырт уулануусуна алып келген санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбагандыгы, шалаакы мамиле жасалгандыгына байланыштуу ачылды.

«Мектеп жетекчилиги жана санэпидем кызматы класстарды уулуу химикаттар менен тазалоо үчүн бийлик менен макулдашкан эмес. Бул факт боюнча тергөө амалдары уланууда», - деди облус прокурору Абдуджаббор Мирзоев.

Тажикстанда 26-майда зыянкечтерди жок кылуу максатында мектеп имаратына уулуу химиялык заттар себилген. Натыйжада 75 окуучу сабак учурунда эс-учун жоготкон. Балдардын арасындагы мындай абал дээрлик бир аптага созулуп, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG