Ссылки доступа

Рейганды аткан кылмышкер психиатриялык ооруканадан чыгат


Вашингтон соту 1981-жылы АКШнын кыркынчы президенти Рональд Рейганга кол салган кенже-Жон Хинклини психиатриялык клиникадан чыгарууга өкүм кылды. Сот бейтап мындан ары психикалык оорулар менен жабыркабайт жана айланадагыларга коркунуч жаратпайт деген чечимге келди.

Хинклиге Рейгандын туугандарына жолоого тыюу салынды. Мындан тышкары ал азыркы президент жана конгресс мүчөлөрү жүргөн жерлерге дагы бара албайт.

1981-жылы 30-мартта Рейган Вашингтондо Эмгек кошуундар федерациясынын делегаттарынын алдында сөз сүйлөп бүткөн соң кенже-Хинкли ага ок чыгарган. Президент жана дагы үч киши оор жаракат алган. Кылмышкер актриса Жоди Фостерге таасир калтыруу үчүн ушундай кадамга барганын айткан. Сот аны акыл-эсинен айныган деп таап, психиатриялык клиникага жаткыруу чечимин чыгарган. Ал жакта Хинкли 35 жылдык өмүрүн өткөрдү.

XS
SM
MD
LG