Ссылки доступа

Москвада чет элдик агент деп табылган "Голос" уюму жабылды


Москвада сот коммерциялык эмес “Голос” ассоциациясынын жоюу чечимин кабыл алды. Ал Орусияда шайлоолорго мониторинг жүргүзчү. Интерфакс кабарлагандай, ассоциацияны жабуу боюнча доо арызды Юстиция министрлиги берген.

Арызда Юстиция министрлиги “Голостун” уставы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамды бузарын айткан. Министрликтин башкармалыгы ассоциация саясий ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Буга чейин “Голосту” үч жолу жалпы суммасы бир миллион рублдан ашык айып пулга жыгышкан. Уюмдун сайтындагы материалдарда чет элдик агент деген маркировканын жоктугу буга себеп болгон. Ассоциациянын чет элдик агенттер тизмесинен чыгуу жөнүндөгү үч жолку арызы тең четке кагылган.

Уюмду жабуу иштери жарым жылга созулат. “Голостун” юристи Максим Крупский чечимди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылышарын билдирди. Эгер уюм жабылса, алар 2013-жылы түзүлгөн шайлоочулардын укугун коргоочу “Голос” кыймылынын алкагында адаттагыдай эле иштей беришет.

"Голос" ассоциациясы эң биринчилерден болуп мажбурлап чет элдик агенттер тизмесине киргизилген. Юстиция министрлиги Хелсинки комитети тарабынан ыйгарылган Сахаров сыйлыгы үчүн берилген акча чет жактан каржыланат деп тапкан. Сыйлыктан ассоциация баш тарткан.

XS
SM
MD
LG