Ссылки доступа

Орусиянын Олимп оюндарына катышчу курамы 31-июлга чейин маалым болот


Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарына бара туран орусиялык команданын курамы 31-июлга чейин белгилүү болот. Бул тууралуу бейшембиде Орусия Олимпиада комитетинин башчысы Александр Жуков билдирди.

Ал азырынча эл аралык федерациялардын айрымдары орусиялык спортчуларды Олимпиадага жиберүү боюнча акыркы чечимдерин жарыялай электигин айтты. Ошондой эле оор атлетчилердин саны аз болорун кошумчалады.

Буга чейин комитет Олимпиада оюндарына 270тей атлет барарын билдирген эле.

18-июлда Эл аралык допингге каршы агенттик атайын баяндамасын жарыялаган. Анда орусиялык допингге каршы агенттиктер өз спортчуларынын анализдерин алмаштырып келгени жана буга Орусиянын ФСБсынын да катыштыгы бар экени жазылган.

Ага карабай, Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык спортчуларды Риодогу оюндардан четтетпөө боюнча чечим кабыл алган. Ал акыркы сөздү спорттун түрлөрү боюнча федерациялар айтарын билдирген. Алар бүгүнкү күнгө карата Орусия курамасындагы 387 спортчунун ичинен 100дөйүн мелдештен оолактатты.

XS
SM
MD
LG