Ссылки доступа

Обама Клинтондун талапкерлигин чечкиндүү колдоого алды


Шейшембиде Демократиялык партиянын съездинде сүйлөп жатып АКШ президенти Барак Обама америкалыктарды Хиллари Клинтонго добуш берүүгө чакырды. Ал сегиз жыл мурун баштаган ишин демократ талапкер улантып кетиши керектигин билдирди.

Обаманын пикиринде, Клинтон мамлекеттик катчы болуп иштеп турганда бай тажрыйба топтой алды. Маселен, террордук “Аль-Каида” уюмунун лидер Усама бин Ладенди жок кылуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан. АКШнын коопсуздугу үчүн кабыл алынган чечимдерге аралашуу менен ал президенттик кызматты алып кетүүгө даяр болду.

"Атүгүл, каатчылык чордону учурунда ал бардык элди угуп, ошол эле маалда оор басырыктуулугун жоготкон эмес. Баарына сый мамиле жасайт... Бул мен билген, мен сыйлаган Хиллари Клинтон. Ошондуктан мен өлкө тарыхында мынчалык компетенттүү талапкер болгон эмес деп ишенимдүү айта алам”,- деди Барак Обама.

Обаманын бул сөз сүйлөөсүн мааракелүү деп атаса болот. Мындан 12 жыл мурун Иллинойстин беймаалым сенатору съездде жандуу баяндама жасап, өлкөнүн көңүлүн бурган.

Шейшембиде ал америкалыктарга оптимисттик сөздөрү менен кайрылды. "Мен билген Америка кайраттуу жана оптимисттүү. Америка - абийирдүү жана жоомарт ", - деди президент. Ал ошондой эле көптөгөн америкалыктар келечек боюнча “реалдуу тынчсызданууларды” башынан өткөрүп жатканын моюнга алды.

XS
SM
MD
LG