Ссылки доступа

Өзбекстандык жеңил атлетчи кыз жынысын алмаштырууга ниеттенүүдө


"Азаттыктын” өзбек кызматына WhatsApp мессенжери аркылуу байланышка чыккан 21 жаштагы өзбекстандык кыз жынысын алмаштырып, улан болууну каалап жатканын билдирди. Анын айтымында, өзүн “физикалык жана психологиялык” жактан эркек сезет, бирок бардык документтеринде аял катары жазылган.

Ал 2009-жылы жеңил атлетика боюнча Өзбекстан чемпиондугун жеңип алган. Бирок медициналык кароо маалында дарыгерлер анын денесинен эркектин белгилери аялдыкына салыштырмалуу көп экенин аныктаган. Буга байланыштуу селки эл аралык мелдештерге катыша алган эмес.

– Дарыгер организмимде 90 пайыз эрекетин гармондору бар экенин айтты. Мени Ташкенттеги Эндокринология борборуна жөнөттү. Ал жактан доктурлар организмим такыр аялдыкы эмес экенин билдиришти. Кичине кезимен эле балдар менен көбүрөөк тил табышчумун. Сырткы келбетим жана ички дүйнөм балдардыкындай, – деди ал.

Эркек болууну самаган кыз Анжиянда чоңоюп, акыркы төрт жылдан бери Орусияда жашайт. «Өзбекстанда кыз катары жүрүү өтө оор жана кордук. Намангандагы дарыгерлер мени УЗИден өткөрүшүп, организмим аялдыкы эместигин аныкташты .Ага карабай, толтура дары жазып беришкен, ата-энем болсо аларды ичүүгө мажбурлаган», – деп эскерет кыз.

Спортчу жынысын өзгөрткөндөн кийин дагы Өзбекстанга кайтпай турганын айтат. Эки жылдан бери анын сүйүктүү кызы бар. Өзбекстанда жынысты алмаштырууга мыйзам жол бербейт.

XS
SM
MD
LG