Ссылки доступа

“Мегаком” кайрадан сатыкка чыгарылат


“Мегаком” деген аталыш менен таанылган “Альфа Телеком” уюлдук байланыш компаниясынын 100 пайыз акциясы кайрадан сатыкка чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бөлүм башчысы Бакытбек Мураталиев “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, "Мегакомдун" баштапкы наркы мурдагыдай эле 19 млрд 7 млн сом бойдон калууда. Кызыккан тараптар алгач жалпы баанын он пайызын атайын эсепке которуусу зарыл.

Буга чейин ишкананы сатып алууну каалоочулар чыкпай койгондуктан аукцион артка жылдырылган. Өкмөт түшкөн каражатка жолдор оңдолуп жана салына тургандыгын билдирген.

"Альфа Телеком" 2009-жылы түзүлгөн. Компаниянын жетекчиси Алексей Елисеев болгон. 2010-жылы Убактылуу өкмөт ишкананын 49% акциясын улутташтырган. Ал эми 2014-жылы мамлекетке компаниянын 100% акциясы толугу менен өткөн.

"Мегакомдун" абоненттеринин саны 2,5 миллионду түзөт. Оператор мобилдик байланыш менен өлкөнүн 90% пайыз аймагын камсыздайт. Таза кирешеси жылына 2 миллиард сомго жетет. Бирок Экономика министрлиги компания атаандаштыкка чыдабай банкротко учурашы мүмкүн экендигин эскертет.

XS
SM
MD
LG