Ссылки доступа

Матаевдердин үй камагы эки айга узартылды


Журналисттер бирикемесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин үй камагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Астананын шаардык соту кабарлады. 22-февралдан бери үй камагында жаткан Сейтказы Матаевдин мөөнөтү 22-июлда бүткөн.

Шаршембиде сот анын үй камагын 22-сентябрга чейин узартты. Марттан бери үй камагында жаткан Каз ТАГ маалымат агенттигинин жетекчиси Асет Матаевдин мөөнөтү болсо 28-сентябрга чейин жылдырылды.

Астана сотунун маалымат кызматы кабарлагандай, райондук сот Сейтказы жана Асет Матаевдердин кылмыш ишин өз өндүрүшүнө алды. Казакстан журналисттер бирикмесинин төрагасынын ишине байланыштуу алдын-ала соттук угуулар 3-августка белгиленди.

Матаевдер ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн айыпталышууда. Биримдиктин төрагасына салык төлөөдөн качан деген кине дагы коюлган. Экөө тең күнөөлөрүн моюнга албай келишет.

XS
SM
MD
LG