"Орусиянын мындай кадамы БУУнун уставы жана башка милдеттенмелери боюнча Украинанын суверенитеттүүлүгүн тоготпогондук болуп эсептелет. Тиешелүү нота Орусия элчилигинин өкүлүнө жакын арада берилет", – деди Макеев.
Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Крымды федералдык округ катары жоюу, Түштүк федералдык округуна кошуу жөнүндө буйрукка кол койгон. Президенттин Крымдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Олег Белавенцев Түндүк-Кавказ федералдык окргунуну башчысы болуп дайындалган. Ага чейинки жетекчи Сергей Меликов отставкага кеткен.
Мындан тышкары Орусия тарабынан аннексияланган Севастополдун губернатору Сергей Меняйло да кызматынан бошотулуп, ал президенттин Сибирь федералдык округундагы өкүлү болуп дайындалган.
Кара деңиздеги украиналык жарым арал - Крым 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланган. Ошондон кийин федералдык округ катары түзүлгөн. Аннексияга Украина жана БУУга мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү каршы чыгып, Батыш мамлекеттери Орусияга санкцияларды киргизген.