Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 28-июлда Орусия жана Сирия бийликтери согуш жүргөн Алеппо шаарынын карапайым тургундары аймактан чыгып кетүүсү үчүн гуманитардык коридор ачарын айткан. Ошондой эле куралын таштап, багынып берген жоочуларга да ушул жол аркылуу шаардан чыгууга уруксат берилери маалымдалган. Шойгу үч гуманитардык коридор ачыларын жана шаардын сыртынан азык-түлүк жана эң биринчи зарыл жардамдар берилерин кошумчалаган.
Алеппо Сириядагы ири шаарлардын бири. Ушу тапта ал жерде Орусия колдогон Сирия бийлиги козголоңчуларга каршы көзөмөлүн күчөттү. Кагылыш аймагында 250 миң жай тургун бар экени айтылат. Калаанын айрым жашоочулары сунуштан баш тартышты. Алар Алепподо акырындык менен өлүү же шаарды таштап кетүү учурунда кармап, кыйноого алып өлтүрүү ортосунда тандоо берилип жатканын билдиришүүдө.
Ал ортодо Сирия президенти Башар Асад үч ай ичинде куралын таштап, багынып берген жоочуларга мунапыс берүүнү сунуштады.