Ссылки доступа

Бишкекте автоунаадагы жарылуудан прокурордун колу үзүлүп кетти


Орто-Сай айылындагы унаа жарылуусунан жараат алган Башкы прокуратуранын ага прокурору Эркин Курманалиевге Бишкектеги №4 ооруканада операция жасалууда. Бул тууралуу анын жакындары “Азаттыкка” кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарылуудан прокурордун колу үзүлүп кеткен. Учурда анын абалы оор экени айтылууда. Курманалиевге операцияны оорукананын башкы дарыгери Сабырбек Жумабеков жасап жатат.

Бүгүн эртең менен Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылында Башкы прокуратуранын ага прокурору Эркин Курманалиевге таандык унаанын жанындагы куту жарылган. Жарылуу болгон жерде милиция жана коопсуздук кызматкерлери иштеп жатышат.

Эркин Курманалиев Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн ага прокурору экенин аталган органдан тастыкташты.

Жарылуунун себептери жана прокурордун кесиптик ишмердигине катышы бар-жогу такталып жатат.

XS
SM
MD
LG