Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө митингчилердин иш таштоосу уланууда


Жаңы-Өзөн шаарында «Бургылау» мунай сервис ишканасынын 200дөй жумушчусу иш токтотту.  Алар жетекчиликтин жумуш саатын кыскартуу, айлык акыны азайтуу жана кесиптик кошуундун жаңы лидерин ишине уруксат бербей жаткан жетекчиликтин пландарына каршы чыгышууда.

Жумушчулар акцияны беш күндөн бери өткөрүшүүдө. «Бургылау» ишканасынын жүздөгөн кызматкери таңкы саат беште Жаңы-Өзөн автостанциясына чогулушууда. Бул жерден аларды автобустар кенге алып кетип турчу. Активисттердин биринин айтымында, өздөрү шайлап алган кесиптин кошуундун төрагасын жетекчилик кабыл албай жатат.

Акция катышуучуларына кесиптик кошуундун мурдагы төрагасы келип, лидерликтен кеткенин жана жаңы адамга жумушту өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

«Бургылау» ишканасынын жетекчилиги кесиптик кошуундун башчысын шайлоодо устав бузулганын айтып, тандоону кайрадан өткөрүү зарылдыгын айткан.

Бейшембиде компания жумушчулары куугунтук уюштуруп жаткан «Бургылаунун» башкы директору Асхат Сариевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Ал болсо айтылгандардын бардыгы чындыкка дал келбесин билдирген.

XS
SM
MD
LG