Ссылки доступа

Pokemon Go оюнунун Орусия мыйзамдарына шайкештиги текшерилет


Pokemon Go электрондук оюну Орусия колдонучуулары үчүн жеткиликтүү болгондон кийин Орусиянын мыйзамдарына шайкеш келери текшерилет. Бул тууралуу Роскомнадзордун башчысы Александр Жаров "Известия" гезитине берген маегинде билдирди.

Жарков буга карабай, оюнду иштеп чыккандар “маалымат чогултуу жана турган жерди аныктоо боюнча тыңчылык максатты көздөшкөн” деген ойдон алыс.

Pokemon Go оюнунда турган жерди аныктоо системасы колдонулат. Ал смартфонго туташтырылып, кошумча реалдуулук таасирин жаратат. Жакынкы аралыкта оюн орусиялыктар үчүн App Store жана Google Play тиркемелеринде пайда болот. Бирок интернетте чектөөлөрдү айланып өтүп, аны кантип көчүрүп алуу боюнча нускамалар азыр эле бар.

XS
SM
MD
LG