Ссылки доступа

Тажикстанда атайын кызматтын эки өкүлү кармалды


Тажикстан Коррупцияга каршы агенттиги Улуттук коопсуздук комитетинин эки кызматкери кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын өкүлдөрүнүн кармалганын журналисттерге Тажикстандын Коррупцияга каршы күрөш жана каржы көзөмөлү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Давлатбек Хайрзода билдирди. Бирок ал бул жашыруун иш экенин айтып, кененирээк маалымат берген жок. Буга чейин жергиликтүү ММКлар күч түзүмдүн эки кызматкери пара алып жаткан учурда кармалганын жазып чыгышкан.

Мындан тышкары Хайрзода Тажикстандын аскер прокуратурасы коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын жеке менчигине байланыштуу кылмыш ишин козгогонун жарыялады. Анын айтымында, Назарзодага таандык 5,5 миллион сомониге тете мүлкү камакка алынган.

Ошол эле маалда Эсеп палатасы тыюу салынган Тажикстан кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабиринин менчигине байланыштуу маселени карап жатканы маалым болду.

XS
SM
MD
LG