Ссылки доступа

Түркия ЕБдан октябрга чейин визасыз режим киргизүүнү талап кылды


Түркия Евробиримдиктен октябрга чейин визасыз режим киргизүүнү талап кылды. Болбосо, Анкара качкындар тууралуу келишимди аткаруудан баш тартарын Түркиянын премьер-министри Чавушоглу билдирди.

Дипломат түрк өкмөтү Евробиримдиктен виза жоюла турчу так датаны айтууну күтүп жатат. Мартта Түркия менен ЕБ миграциялык каатчылык менен күрөшүүнүн бирдиктүү планын кабыл алган. Ага ылайык, Түркия деңизи аркылуу мыйзамсыз Европага барган бардык мигранттар кайра артка кайтарылмак. Түркияга жөнөтүлгөн ар бир адам үчүн Евробиримдик бирден сириялык качкынды кабыл алууга милдеттенме алган. Бозгундарды багуу үчүн ЕБ Түркияга 6 миллиард евро бөлгөн.

Бийликти кулатуу аракети болгондон кийин Түркия Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын убактылуу токтоткон. Президент Режеп Эрдоган козголоңчулар үчүн өлүм жасасын киргизүү каралып жатканын билдирген. Мындан кийин Евробиримдик бийлиги Түркия үчүн быйыл визасыз режим киргизүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG