Ссылки доступа

Атамбаев Түркиянын шарт менен берилген жардамынан баш тартты


Президент Алмазбек Атамбаев Түркия бийлигинин Кыргызстанга карата айткан пикирлерин сындап, башка мамлекет Кыргызстанга кайсы бир шарт менен жардам бербеши керектигин белгиледи. Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде өтүп жаткан маалымат жыйынында айтып, түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кыргыз бийлигине берген эскертүүсү туура эместигин кошумчалады:

- Түркиядан бизге 3 миллиард доллардын тегерегинде акчалай жана техникалык жардамдар болгон. Бирок "муну кыл" деген көрсөтмө менен берилген жардамдын кереги жок. Аны өзүңөргө кайтарып алгыла! Чавушоглу ушунчалык акылдуу болсо, Түркиядагы бийликти басып алуу аракетинин алдын албайт беле. Өзүнүн көзүнүн алдындагыны көрбөй, бизге акыл айтат, - деди президент.

16-июлга караган түнү Түркия бийлигин оодаруу боюнча аскерий төңкөрүш жасоо аракети болгон. Расмий Анкара аны Фетхуллах Гүлен уюштурганын айткан. Ошондой эле тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстандагы Гүлендин кыймылына тиешелүү кыргыз-түрк лицейлери жабылышы керектигин, Кыргызстанда да төңкөрүш жасоого белсенген күчтөр бар экенин билдирген.

Алмазбек Атамбаев “Себат” лицейлери жабылбай турганын, балким билим берүү багытында бир аз өзгөрүүлөр кириши мүмкүн экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG