Ссылки доступа

Өзбекстанда балдар быйыл пахта теримге катышпайт


Өзбекстанда мектеп жана колледж окуучулары быйыл пахта теримге катышпайт. Бул тууралуу өкмөт башчы Шавкат Мирзияев селектордук жыйын учурунда билдирди.

Өзбек өкмөт башчынын айтымында, түшүм быйыл бюджеттик мекемелердин жана жамааттардын эсебинен чогултулат.

Премьер-министр талааларда балдар эмгегине тыюу салуу боюнча облус жана район акимдерине катуу тапшырма берди. “Ар бириңер эми башыңар менен жооп бересиңер. Азыр эле пахта теримге катыша турган жамааттардын жана жарандардын тизмесин түзгүлө. Эгер мен талаада бир бала көрүп калсам, оор жазага кириптер болосуңар”-деди ал.

Өзбекстан быйыл мол түшүм күтүп жатат. Акимдердин айтымында, бул үчүн быйыл бардык шарт бар.

Бирок активисттер өкмөт башчынын тапшырмасы адаттагыдай эле куру сөз боюнча каларын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG