Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө балдар желим бөтөлкө чогултуп акча табат (видео)


Дүйшөмбү көчөлөрүндө таштанды, анын ичинен кагаз жана пластик өнүмдөрүн чогултуу - балдардын жайкы эс алуусундагы негизги киреше булагы болуп калды.

12 жаштагы Эхсон Нозилшоев теңтуштары менен борбордогу кичи райондун көчөлөрүндө кагаз таштандылар менен желим бөтөлкөлөрдү чогултуп, андан соң аларды сатат. Бул чөлкөмдө макулатура жана пластик өнүмдөрүн ала турчу атайын түйүн бар.

Бул түйүндүн ээси Лутфуллох Мирзомуродовдун айтымында, пластик таштандылардан мөмө-жемиш кутуларын, макулатурадан даараткана кагаздарын жасашат. Ишкер белгилегендей, целлофанды кайра иштетип, желим баштык жасаса болот, ал эми жумшак пластиктен кетчуп үчүн идиш даярдоого мүмкүн.

Буга чейин эколог активисттер пластик өнүмдөрү шаар көчөлөрүн жана дарыя жээктерин каптап кеткенине тынчсызданышкан. Алар мындай ири көлөмдөгү таштанды айлана-чөйрөгө олуттуу зыян алып келет деп эсептешет.

Душанбинские дети зарабатывают на продаже баклажек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

XS
SM
MD
LG