Ссылки доступа

Казак атлеттери кошумча допинг-тесттен өтүүдө


Бүгүн Рио-де-Жанейродогу мелдешке бара турган казакстандык спорчуларды допинг тесттен өткөрүү жараяны аягына чыгат. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук Олимпиада комитети (УОК) билдирди.

УОК кабарлагандай, тесттен 104 казак спортчусу өтүп жатат. “Кошумча допинг-тесттер” 20-июлда башталган. Анын үлгүлөрү Эл аралык допингге каршы агенттиктин Дрезденде жайгашкан лабораториясына жөнөтүлгөн.

«Эгер айрым үлгүлөр тесттин жыйынтыгы менен начар чыгып калса, ал атлеттерге каршы улуттук деңгээлде катаал чара көрүлөт», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Ушул эле билдирүүдө УОК Эл аралык Олимпиада комитетинин жана Эл аралык антидопинг агенттигинин таза спортчуларды колдогон саясатын кубаттай тургандыгы айтылат.

Олипм оюндары 5-21-август аралыгында Риодо өтөт.

XS
SM
MD
LG