Ссылки доступа

Мамлекеттик тил талаптарын сактабаган тажик журналисттери айып пул төлөйт


Тажикстандын Тил жана терминология комитети журналисттерди мамлекеттик тилдин тартиптерин сактоого чакырды. Болбосо, ММК өкүлдөрүнө айып пул салынат.

Тил жана терминология комитетинин төрайымы Гавхар Шарофзоданын айтымында, журналисттер жат сөздөрдү арбын колдонушат. “Айрым учурда кабарчылар бир текстте көрөрмандар же угармандар үчүн беймаалым 10 же андан көп сөздү колдонушат. Мындай жол менен мыйзамдын нормалары сакталбай жатат”- деп эсептейт ал.

Комитет өкүлдөрү ТВ, радио жана гезиттердеги программаларды текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдиришти. Мындан ары мыйзамды бузгандар айып пулга жыгылат.

Физикалык жактар үчүн айып пулдун көлөмү – 15тен 20га чейинки эсептик көрсөткүчтү (бир көрсөткүч – 40 сомони же 8 доллар) жана юридикалык жактар үчүн 30дан 40ка чейинки эсептик көрсөткүчтү түзөт.

XS
SM
MD
LG