Ссылки доступа

Өзбек дыйкандары жүзүмүн ээн-эркин сата албай жатат


Самарканд облусунун Иштыхан районунун администрациясы дыйкандарга жүзүмдү базар баасында эмес, мамлекеттик эң төмөнкү нарк менен сатууга мажбурлоодо.

Район акими «Чакар», «Жангирохат», «Чимкурган», «Мехнат-рохат» жана «Бустон» айылдарында дыйкандарга жүзүм сатууга тыюу салды.

«Иштыхан районунун дыйкандары катуу жапа чегип жатат. Облус жана район акимдери алардын бардык түшүмүн тартып алды. Жергиликтүү бийлик жүзүм сатып алуу үчүн келген ишкерлерди айылга киргизбей жатат. Түшүмдү толугу менен мамлекетке гана сатууга мажбурлашууда. Өкмөт элди акыркы нанынан ажыратууда. Суранам, жардам бергиле», – деген мазмунда “Азаттыктын” өзбек кызматына кат түшкөн.

Быйыл Өзбекстан өкмөтү Орусияга жашылча-жемиш жеткирүү боюнча бир нече ири келишим түзгөн. Дыйкандардын айтымында, бийлик бул ишти аткара албай калуудан коркуп, дыйкандардан өтө төмөн баада жүзүм сатып алып жатат.

XS
SM
MD
LG