Астанада бүгүн Казакстандын коргоо министри Имангали Тасмагамбетов менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жолукту. Ал аталган өлкөдө кыска мөөнөттүү иш сапары менен жүрөт.
Казакстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, тараптар жакынкы келечектеги кызматташтыкты талкуулашты. Анын ичинде ЖККУга мүчө өлкөлөр ортосунда аскердик керектөөлөргө багытталган техникаларды жеткирүү жолдорун жеңилдете турган эл аралык келишим түзүү керектиги жөнүндө сөз жүрдү.
Басма сөз кызматы кабарлагандай, Балкаш түйүнүн колдонуунун жаңы шарттары боюнча келишим ратификацияланды. Казак коргоо министри Тасмагамбетов аскердик-техникалык жаатта биргеликте иштөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын белгиледи.